Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Лейлек районундагы мечиттердин биринин имам хатиби 63 жаштагы (М.М.) адам октябрь айында жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйганы аныкталганын билдирди.

Бул факты Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” беренеси менен катталып, сотко чейинки өнүдүрүш жүрүп жатат.

Облустук милиция ушул эле райондо башка молдорлор да жашы 18ге чыга элек өспүрүмдөргө нике кыйган эки факты аныкталганын кошумчалады. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда 2016-жылы 18 жашка жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мыйзамдын негизинде никеге уруксат берген кыздын ата-энеси да, нике кыйган имам да сот жообуна тартылат. Бирок тыюуга карабай жашы жете элек кыздарды турмушка берген учурлар катталып турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG