Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Аламүдүн районунда курал-жарактарды сактоочу жай табылды


Арашан айылындагы көрүстөндүн аймагынан табылган курал-жарактар. УКМК тараткан сүрөт.
Арашан айылындагы көрүстөндүн аймагынан табылган курал-жарактар. УКМК тараткан сүрөт.

25-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Чүйдүн Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Арашан айылындагы көрүстөндүн аймагынан табылган курал-жарактарды жана жардыргыч заттарды маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) тобунун мүчөлөрү жасаганы аныкталды.

Баштыктан ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч заттар табылып алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алар экспертизага жөнөтүлөт.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деген шек менен ондогон адамдар кармалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG