Аламүдүн районунда курал-жарактарды сактоочу жай табылды

Арашан айылындагы көрүстөндүн аймагынан табылган курал-жарактар. УКМК тараткан сүрөт.

25-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Чүйдүн Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Арашан айылындагы көрүстөндүн аймагынан табылган курал-жарактарды жана жардыргыч заттарды маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) тобунун мүчөлөрү жасаганы аныкталды.

Баштыктан ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч заттар табылып алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алар экспертизага жөнөтүлөт.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деген шек менен ондогон адамдар кармалды. (BTo)

Дагы караңыз

Белградда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор мэрияга кирүүгө аракеттеништиКытай четтеги долбоорлорун коргоо үчүн жеке аскер компанияларын өнүктүрөтАКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануусун билдирди Автоунааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотуу сунушталдыПрезидент Жапаров Орусияга иш сапары менен кетти