Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Кытай четтеги долбоорлорун коргоо үчүн жеке аскер компанияларын өнүктүрөт


Кыргызстандын Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруп жаткан China road and Bidges компаниясынын өкүлдөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруп жаткан China road and Bidges компаниясынын өкүлдөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Чет мамлекеттердеги кытайлык долбоорлордун коопсуздугу үчүн Бээжин жеке аскердик компанияларын өнүктүрүүнү көздөөдө. South China Morning Post маалымдагандай, жеке аскердик компаниялар кооптуу делген аймактардагы кытайлык долбоорлорду коргоого алат. Мындай кооптуу аймактарга Батыш Азия, Африка жана Латын Америкасы киргизилген.

Басылма Кытайдын чет өлкөлөрдөгү долбоорлорун жеке аскердик компаниялардын эсебинен коргоо дымагына Орусиянын Украинадагы согушу, Израилдин ХАМАС радикал тобуна каршы күрөшү түрткү болгонун жазды.

South China Morning Post бекемдегендей, Кытай дипломаттык байланыштарына гана эмес, жеке коргоочу ишканалардын ишине да басым жасоодо. Негизинен Кытайдын мамлекеттик ишканаларынын долбоорлорунда коопсуздукту камсыздоо кепилдиги атайын пункт менен көрсөтүлөт.

South China Morning Post бапсылмасынын маалыматына ылайык, ушул тапта дүйнө жүзүндө 47 миңден ашуун кытайлык компания иштейт. Алар негизинен энергоресурс, инфратүзүм жана курулуш тармактарында иш алып барышат.

XS
SM
MD
LG