Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Автоунааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотуу сунушталды


Видео камера автоунаанын ичиндеги күзгүнүн жанына орнотулат.
Видео камера автоунаанын ичиндеги күзгүнүн жанына орнотулат.

Ички иштер министрлиги машинелерге милдеттүү түрдө видео камера орнотуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Документте «видеокаттоо менен жабдуу боюнча милдет менчигинин түрүнө карабастан транспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт», - деп жазылган.

ИИМдин негиздемесинде видео камера укук бузууларды аныктап, жол кырсыктарын талдоо, талаш жараткан жагдайларда маанилүү экени белгиленет. Мыйзам кабыл алынса айдоочулар 2025-жылдан баштап автоунааларына видео камера сатып алышы керек. Мындай жабдык орнотпогондорго айып пул салынат. Мыйзам Министрлер кабинети аныктаган трактор сыяктуу транспорт каражаттарына иштебейт.

Мекеме мыйзам долбоору жол кырсыктарын азайтуу боюнча иш-чаралардын негизинде иштелип чыкканын билдирди.

Бишкектин базарларында машинеге орнотуучу видео көзөмөл жабдыктардын баасы 5000 сомдон башталат. Кыргызстанда миллиондон ашык машине катталган. Расмий маалыматка ылайык, быйыл тогуз айда 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болду. Өткөн жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгону айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG