Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Президент Жапаров Орусияга иш сапары менен кетти


Садыр Жапаров. Архив сүрөт.
Садыр Жапаров. Архив сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-декабрда иш сапары менен Орусияга кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров Санкт-Петербург шаарында өтүүчү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумуна жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

Жолугушуулар 25-26-декабрда боло турганын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.

Жыйында 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, Иран менен ЕАЭБдин эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюлушу күтүлүүдө.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) саммити быйыл 13-октябрда Бишкек шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын лидеринен сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун башында турган Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышкан.

Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүдө. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келбейт. Молдова да жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, жыйынга катышпайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG