Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 5500дөн ашты

Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык (корь) оорусун жуктургандардын саны 5 532 адамга жетти.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 1 637 киши. Ош шаарында – 377, Ош облусунда – 781, Баткен облусунда – 116, Чүй облусунда – 778, Жалал-Абадда – 1 591, Таласта – 101, Ысык-Көлдө – 83, Нарында – 68 учур катталды.

Быйыл кызамыктан төрт бала чарчап калды. Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.

Кызамыкка каршы пландуу эмдөөлөр адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып, жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жасалууда.

Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миң жеткени расмий кабарланган. Оорунун жайылышын токтотуу үчүн өлкөдө эмделгендер 95% болушу зарыл, бүгүнкү күндө көрсөткүч 77% түзүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Кадамжайдын акими президенттен сын уккан соң кызматтан кеткени белгилүү болдуТүркиянын Бишкектеги элчилигинин жанында автоунаа күйүп кеттиАКШ президенти Байден Нетаньяхуну сынга алды Министр онлайн окуу тууралуу чечимдин кечиккенине түшүндүрмө бердиБишкекте ооруган балдар көбөйүп, ординаторлор жардамга чакырылды Орус армиясынын Киевге чабуулунда 50дөн көп киши жабыркадыУКМК бажыда бошогон орундарга Ташиевдин жакындары кызматка алынып жатканын төгүндөдү