13-декабрда Бишкектеги Тыныстанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кетти.
Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери барып, өрттү өчүрүштү. Алдын ала маалымат боюнча эч ким жабыркаган жок. Кырсыктын себеби азырынча айтыла элек.
Автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Анын жанында турган эки машиненин бирин жолдо өтүп бараткан адамдар ордунан жылдырган. Дагы бирин ээси айдап кеткенге жетишти. Кырсык Түркиянын Бишкектеги элчилигинин жанында болду. (BTo)
Дагы караңыз