Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

АКШ президенти Байден Нетаньяхуну сынга алды


АКШ президенти Жо Байден. 12-декабрь, 2023-жыл.
АКШ президенти Жо Байден. 12-декабрь, 2023-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Газа тилкесиндеги туш келди аткылоолордон улам Израил эл аралык колдоону жоготуп жатканын билдирди. Бул үчүн Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху "өзгөрүш керек" деген оюн ал 12-декабрда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жасаган билдирүүсүндө айтты.

Рейтер агенттиги белгилегендей, муну менен Байден АКШ менен Израилдин көз караштары эки башка болуп жатканын айгинеледи.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы жөөт армиясынын операциясынын жыйынтыгында 18 миңдей киши набыт болгонун, 50 миңден ашууну жараат алганын билдирди. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Буга чейин Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү менен Байдендин администрациясынын ортосунда Газанын согуштан кийинки тагдыры боюнча пикир келишпестик бар экенин айткан.

“Ооба, ХАМАСтан кийинки күн боюнча пикир келишпестик бар, бирок мунаса табарыбызга үмүттөнөм”,- деди Нетаньяху.

ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Бул окуядан кийин жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар анклавда гуманитардык кризис күч алганын билдирип, ок атышууну токтотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG