Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:32

УКМК бажыда бошогон орундарга Ташиевдин жакындары кызматка алынып жатканын төгүндөдү


Мамлекеттик бажы кызматы. Иллюстрациялык сүрөт.
Мамлекеттик бажы кызматы. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирүү таратып, “Мамлекеттик бажы кызматында бошогон орундарга президенттин жана атайын кызматтын төрагасынын адамдары алынып жатат” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

Мекеме бош орундарга кабыл алуу сынактын жана кадрдык резервдин негизинде жүргүзүлөрүн тактады.

Мунун алдында Фейсбук социалдык түйүнүндө Сейит Ажыкан аттуу колдонуучу “криминалдык авторитет Камчы Көлбаев жана экс-бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы үчүн кызматынан алынган бажычылардын ордуна президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары дайындалып жатканын” жазган.

УКМК 13-декабрдагы маалыматында, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде Сейит Ажыкан аккаунтунун колдонуучусу Талас облусунда 1979-жылы туулган, кыргыз улутундагы Сейитбек Ажыканов аттуу Орусия Федерациясынын жараны экени аныкталганын билдирди. Атайын кызмат билдиргендей, ал учурда АКШда жашайт.

Мекеме Сейитбек Ажыканов кыргызстандык башка активист Тилекмат Кудайбергеновдун (Куренов) өнөктөшү экенин маалымдап, ал экөөнүн АКШдагы акцияда чогуу турган сүрөтүн да чыгарды. УКМК Ажыкановго Кыргызстандын аймагында жапырт башаламандык уюштурууга чакыруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын да когумчалады.

Активисттер Тилекмат Кудайбергенов менен Сейитбек Ажыканов УКМКнын маалыматы жөнүндө комментарий берише элек.

Кыргызстанда чыгып кеткен активисттер, анын ичинде Тилекмат Кудайбергенов быйыл 19-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын штабынын астында "Кемпир-Абад иши" менен камалгандарды эркиндикке чыгарууну талап кылган акция өткөрүшкөн. Бул күнү сессияда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөгөн.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Мындан кийинки билдирүүлөрүндө атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Көлбаевге байланыштырып, "мындан ары Көлбаев жана Матраимов мафиялары болбой турганын" айткан. Ал мамлекеттик кызматтарда, анын ичинде бажыда бул экөөнө байланышкан 202 кызматкер жумуштан алынарын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 11-декабрга карата "Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 226 адам аныкталганын, алардын 180ден ашууну мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимовдун “мафиясы” менен тымызын байланышта болгон мамлекеттик ар кандай кызматта отурган 226 адам аныкталды. Алардын ичинен 180ден көбү жумуштан бошотулду. Анын ичинен 76 кызматкер Бажы кызматынан, 14 кызматкер Ички иштер министрлигинен иштен бошотулган. Жергиликтүү кеңештин алты депутаты мандатын тапшырса, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулган.(ErN)

XS
SM
MD
LG