Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

Министр онлайн окуу тууралуу чечимдин кечиккенине түшүндүрмө берди


Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева суукка байланыштуу мектептерди онлайн режимине өткөрүү чечиминин кеч чыкканы боюнча түшүндүрмө берди. Ал 13-декабрда маалымат жыйында белгилегендей, мындай чечим Бишкек шаарындагы окуучулардын ата-энелеринин кайрылуусунан улам кабыл алынган.

Балдардын коомдук транспорт менен каттоосуна кыйынчылык жаралганы эске алынганын, бирок мектептерге талаптагыдай жылуулук берилип жатканын айтты.

“Биз ар бир мектептеги даярдык тууралуу маалымат алып турдук. Кайсы бир мектепте жылуулук берилбей, өзгөчө абал пайда болсо, ошол замат реакция кылабыз. Биз буйрукту Бишкек шаарындагы ата-энелердин сунушу менен кеч кабыл алдык”, - деди министр.

Мунун алдында өлкө боюнча 13-14-декабрда мектептерди онлайн окууга өткөрүү боюнча министрдин буйругу чыккан. Кендирбаева бул буйрукта эгер температуралык көрсөткүч талапка жооп бербесе, сабактарды онлайн режимде улантууга уруксат берилгенин билдирди.

Ал эми жогорку окуу жайларда окуу кадимки режиминде уланат.

Айрым ата-энелер министрликтин мектептерди онлайн окууга өткөргөн буйругу тууралуу маалымат кеч берилгенине нааразылык билдирип, балдар мектептерге барып алып убара болгонун айтып чыгышты. Бул маселе Жогорку Кеңештин 13-декабрдагы жыйынында да көтөрүлүп, депутат Жанар Акаев мындай чечим боюнча алдын ала маалымат бербеген кызматкерге чара көрүүнү сунуштады.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-декабрда аба ырайы туруксуз болот. 14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт. Суук аба ырайы жайыттарда малды багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

XS
SM
MD
LG