Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Орус армиясынын Киевге чабуулунда 50дөн көп киши жабыркады


Орус армиясынын Киевге жасаган ракеталык чабуулдун кесепети. 13-декабрь, 2023-жыл.
Орус армиясынын Киевге жасаган ракеталык чабуулдун кесепети. 13-декабрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы 13-декабрга караган түнү Украинанын баш калаасы Киевге ракеталык сокку урду. Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, чабуулдан 53 киши жабыркады. Алардын 20сы ооруканага жеткирилди. Арасында он чакты бала бар.

Киев облустук администрациясы билдиргендей, Голосеевский районунда ракетанын сыныгы жолдун боюна түшкөн. Дарницкий районунда менчик үй жабыркап, өрткө чалдыкты. Деснянский районунда тогуз кабат үйдүн жетинчи кабатында өрт тутанды. Сегиз автоунаа зыянга учурады. Днепровский районунда балдар ооруканасы талкаланды.

Жалпысынан Орусия он ракета менен сокку урган. Украин армиясы билдиргендей, алардын баары абадан атып түшүрүлгөн.

Андан тышкары 12-декабрдын кечинде Одесса облусуна орус армиясы он дрон учурулуп, баары абадан атып түшүрүлдү. Учкучсуз аппараттын калдыгы автоунаа оңдогон жайга түшкөн. Эки киши жараат алып, 11 машинеге зыян келтирилген.

Буга чейин АКШ Орусиянын армиясы Украинадагы жарандык инфратүзүмдөргө соккуларын күчөткөнүн билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги ар кандай далилдерге карабастан, аскердик жайларга гана сокку уруп жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG