Баткендин Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын алдына Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелиги коюлду. Анын ачылышына 12-декабрда президент Садыр Жапаров катышты.
Эстелик кыргыз философу, акын-жазуучу, ойчул Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата орнотулган.
Кыргыздын алгачкы жазма акындарынын бири Молдо Нияз 1823-1906-жылдар аралыгында жашап өткөнү айтылып жүрөт. Анын 200 жылдыгына карата эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен биринчи жолу акындын чыгармасы жана ал жөнүндөгү изилдөө камтылган эмгек түрк тилинде жарык көргөн. (JsA)
Дагы караңыз
Чек ара: Ташиев менен Ятимов Баткенде делимитация, демаркация маселесин талкуулады Google 2023-жылы интернетте изделген маалыматтардын рейтингин чыгарды“Ориондун” ээси Куттубай Мурзабаевге иш козголгону белгилүү болду“Дордойдогу” коррупцияга байланыштуу кармалган салыкчылар иштен алындыАКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануу билдирдиБаткен облустук бириккен ооруканасын үчкө бөлүү сунушталдыТүркияда жаңжалдан улам футбол лигасындагы оюндар убактылуу токтоду