Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:28

“Ориондун” ээси Куттубай Мурзабаевге иш козголгону белгилүү болду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Орион” курулуш компаниясынын ээси Куттубай Мурзабаевдин кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. Райондук сот мындай токтомду 7-декабрда чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Ага ылайык, Куттубай Мурзабаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренесинин 2-бөлүгү “Уюшкан топко катышуу” менен айып коюлган.

Куттубай Мурзабаевдин кармалышынын мыйзамдуулугун карап берүү өтүнүчү менен Октябрь райондук сотуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгы кайрылган.

“Азаттыктын” жеке булактары кабарлагандай, Куттубай Мурзабаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Атайын кызмат анын иши боюнча комментарий бере элек.

“Азаттык” анын жардамчысы менен байланышып, окуянын чоо-жайын сурап, кат жиберди. Ага азырынча жооп келе элек.

Куттубай Мурзабаев “Орион” курулуш ишканасынын ээси, мындан тышкары Бишкектеги “Orion Hotels” мейманканасынын директору. (BTo)

XS
SM
MD
LG