Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Чек ара: Ташиев менен Ятимов Баткенде делимитация, демаркация маселесин талкуулады


Саймумин Ятимов жана Камчыбек Ташиев. 12-декабрь, 2023-жыл.
Саймумин Ятимов жана Камчыбек Ташиев. 12-декабрь, 2023-жыл.

12-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда 2023-жылы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыгы талкууланды.

“Калган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын баяндап жазууну аяктоо боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти”, - деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан. Бийлик ага чейин чек араны тактоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү ниетин билдирип келаткан.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG