Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануу билдирди


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Кошмо Штаттар Орусияда камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын дайыны чыкпай жатканына тынчсызданууда. Бул тууралуу 11-декабрдын кечинде Ак үйдүн алдындагы Коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдирди.

"Аны токтоосуз бошотуу керек. Ал эч качан түрмөдө отурбашы керек эле", - деди Кирби.

Буга чейин Навальныйдын адвокаттары ал Владимир облусундагы Мелехово түрмөсүндө жазасын өтөп жаткандардын катарында жок экенин айтып чыккан. Саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыштын жазганына караганда, бул тууралуу аларга түрмөнүн өкүлдөрү маалымдаган. Навальный учурда кайда экени белгисиз.

Буга чейин саясатчынын тарапташтары аны менен алты күндөн бери байланыша албай жатканы белгилүү болгон. Адвокатын да түрмөгө киргизбей коюшкан.

Тарапташтарынын маалыматына караганда, Навальный декабрдын башында өзүн начар сезип жаткан. Ярмыш менен Руслан Шаветдинов белгилегендей, саясатчыга тамак берилбей, аба алмашпаган камерада кармап, таза абада сейилдөө убактысын кыскартып салышкан.

47 жаштагы Навальный быйыл августта “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин ал Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары таанышкан.

Ал арада Навальныйдын тарапташтары социалдык тармактарда #ГдеНавальный деген хештег менен акция башташты.

XS
SM
MD
LG