Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Баткен облустук бириккен ооруканасын үчкө бөлүү сунушталды


Министр Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облустук бириккен ооруканасында.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облустук бириккен ооруканасында.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент менен чогуу Самаркандек айылында жаңы оорукананын имаратын ачкан соң Баткен облустук бириккен ооруканасынын абалын көрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Министр оорукананын бөлүмдөрүн кыдырып, мекеменин жамааты менен жолугушту. Андагы жыйында Баткен облустук бириккен ооруканасын шаардык, райондук жана облустук ооруканаларга бөлүү маселеси талкууланды.

Министрликтен билдиришкендей, мурдараак Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири ушундай сунуш менен министрге кайрылган. Мунун себеби катары облустун, шаардын жана райондун тургундарын чогуу тейлөөдө кезек көп болуп жатканы айтылган. Мекеме сунуш берген депутаттын аты-жөнүн тактаган жок.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын директору Талант Абдирашитов министрге оорукана 360 орунга ылайыкталганын жана 13 бөлүм бар экенин билдирди. Ал ошондой эле башка аймактардагыдай эле Баткен облустук бириккен ооруканасындагы кадр жетишсиздигин айтып өттү. Ал өз алдынча үч структурага бөлүнгөндө биринчи кезекте жаңы ооруканаларга кошумча кадр зарыл болорун белгиледи.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев абал менен таанышып чыккан соң “азырынча бул оорукананы бөлүүнүн зарылдыгы жок” деген чечимге келди. Министр өз чечимин чыгымдарды оптималдаштыруу далалаты жана кадр жетишсиздиги маалында аларды сактап калуу зарылдыгы менен негиздеди.

Ошону менен бирге аймактагы медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында Баткен облустук бириккен ооруканасынын жабдыктарын жана кадрдык потенциалын чыңдоо пландалууда. Министр бул багытта иштер улантыла турганын баса белгиледи.

Маалым болгондой, облустук бириккен ооруканалар Кыргызстандын ар бир аймагында бар. Ошол эле маалда көпчүлүк облустарда аларга кошумча райондук жана шаардык ооруканалар да өзүнчө иштейт.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында 11-декабрда Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратынын ачылышына катышкан. Президенттин фондунан каржыланган оорукана 75 орунга ылайыкташтырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG