Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Google 2023-жылы интернетте изделген маалыматтардын рейтингин чыгарды


Google компаниясынын эн белгисинин алдынан өтүп бараткан айым.
Google компаниясынын эн белгисинин алдынан өтүп бараткан айым.

Google компаниясы 2023-жылы адамдар интернеттен көп издеген маалыматтардын рейтингин жарыялады.

АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тапкан ХАМАС тобуна каршы Израилдин согушу жаңылыктар категориясында көп изделген тема болду.

"Титаник" кемесинин калдыктарын изилдөө максатында океан түбүнө беш жүргүнчү менен түшкөн "Титан" батискафы кабылган кырсык тууралуу маалымат издегендер да көбөйгөн.

Эл эң көп кызыккан беш жаңылыкка Түркиядагы зилзала, Түндүк Америкадагы бороон-чапкын жана АКШдагы эки атышуу да кирди. Андан тышкары, Google колдонуучуларын Индиянын Айдагы миссиясы жана Судандагы согуш да кызыктырды.

Издөө системасындагы эң популярдуу кишилердин сап башына америкалык футболчу Дамар Хэмлин, өзүнүн кар тазалоочу машинасынын астында калган актёр Жереми Реннер жана ырчы Шакира чыкты.

Тасмалар категориясын "Барби" комедиясы жана "Оппенгеймер" биографиялык триллери жетектейт. Сериалдардын арасынан "Арабыздагы акыркыбыз" (The Last of Us) тизменин башында.

Ал эми обондуу ырлардан жапониялык "Ёасоби" дуэтинин "Айдол" чыгармасы, оюндардан Hogwarts Legacy, рецепттерден корейлердин күрүчтөн жасалган пибимбап тамагы алдыга чыккан.

XS
SM
MD
LG