Баласын таштандыга таштаган деп шек саналган келин тил кат менен бошотулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен деп шек саналып жаткан 21 жаштагы келин сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан чыкты. Мындай чечимди 14-ноябрда Октябрь райондук соту кабыл алганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү шектүү медициналык мекемеде дарыланып жатканын айтып, сотко анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч берген.

8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” беренеси менен шек саналып жатат.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстан Малайзия менен беттешетКыргызстандын мамлекеттик карызы 5,9 млрд доллардан аштыБайден Цзинпинди "диктатор" деп атады, Кытай ТИМи реакция кылдыМинистрлик элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырдыМатвиенко Садыр Жапаровго орус тилин колдогону үчүн ыраазычылык билдирдиОшто "Коён" деген каймана аттуу Майрамбек Низамов кайра кармалды