Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Байден Цзинпинди "диктатор" деп атады, Кытай ТИМи реакция кылды


Жо Байден менен Си Цзинпин. АКШ, 15-ноябрь 2023-жыл
Жо Байден менен Си Цзинпин. АКШ, 15-ноябрь 2023-жыл

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти Жо Байдендин Кытай лидери Си Цзинпинди диктатор деп атаганына дароо реакция кылып, андай сөздөрдү “жаңылыш жана жоопкерчиликсиз саясий манипуляция” деп сыпаттады.

Бейшембиде Байден Си Цзинпин иш жүзүндө диктатор деген пикирин өзгөртпөгөнүн билдирген. Мунун алдында жетекчилер Сан-Францисконун чечтинде жолугушуп, төрт сааттай сүйлөшкөн.

Кездешүүдөн кийинки пресс-конференцияда Байден “Сиз июнда айткандай, Си Цзинпин диктатор деп дагы эле ойлосузбу?” деген суроого жооп бергенде: “Ал диктатор, айтайын дегеним биздикинен абдан айырмаланган бийлик формасына негизделген коммунисттик өлкөнү башкарып келатат”, - деп айтты.

Мартта Си Цзинпин үчүнчү жолу Кытайдын мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийин Мао Цзэдундун заманынан бери эң узак мөөнөткө бийликте калган жетекчиге айланды. 2018-жылы Кытайда Баш мыйзам өзгөртүлүп, мамлекет башчыга өмүр бою бийликте отурууга жол ачылган. Буга чейин Кытайдын төрагасы эки мөөнөткө гана шайланчу.

Жогоруда айтылган маалымат жыйынында Жо Байден Си Цзинпин менен сүйлөшүүлөр "конструктивдүү жана жемиштүү" болгонун айтты. Анын сөзүнө караганда, эки лидер Кытайда өндүрүлүп, АКШга мыйзамсыз сатылып, миңдеген америкалыктардын тагдырын талкалап жаткан жасалма баңгизат - фентанилди көзөмөлдөөнү макулдашты. Байден эле эки өлкөнүн аскердик мекемелери ортосундагы байланышты калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди.

АКШ президенти Кытайдын лидери менен сүйлөшүүдө Орусиянын Украинага баскынчылыгын, Тайван маселесин жана Израилдин ХАМАС менен согушун талкуулашканын ачык айтты.

АКШ менен Кытайдын башчылары Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун Сан-Францискодогу саммитине катышат.

XS
SM
MD
LG