Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,9 млрд доллардан ашты


2023-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын көлөмү 5 млрд 987 млн долларга жетти. Финансы министрлигинин маалыматында, мунун ичинен 4 млрд 486 млн доллар тышкы карыз, 1,5 млрд доллар ички карыз.

Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү июнь айынан бери 364 млн долларга өскөн.

Кыргызстан тышкы карызды төлөө үчүн быйылкы тогуз айда 22,5 млрд сом сарптады.

Президент Садыр Жапаров 4-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына өлкөнүн мамлекеттик карызы 2020-жылга чейинки эле 5 миллиард долларга жеткенин, эми карызды үстөгү менен төлөө мөөнөтү келгенин жазган. Мамлекет башчы өлкө тышкы карызды өз күчү менен - бюджеттик каражаттын эсебинен жаап жатканын белгилеген.

Кыргызстан эң көп Кытайга карыз, 1 млрд 734,58 млн долларды Бээжинге төлөп бериши керек.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG