Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:11

Министрлик элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, социалдык тармактардагы баракчаларына жарыкты сарамжал пайдалануунун жолдорун сунуштады.

Мекеме электр энергиясын аз талап кылган лампаны колдонуу жылына 170 кВт/саатты үнөмдөй турганын билдирип, элди бөлмөдөн чыгып баратканда жарыкты өчүрүп, телевизор, планшет, уюлдук телефон жана башка электр жабдуулардын кубаттагычын сууруп турууга чакырды. Ошондой эле үй тиричилигине керектүү электр жабдуулардын сатып алууда энергия сарптоосуна көңүл буруу керектигин эскертти.

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгынан улам президент Садыр Жапаров 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Көп өтпөй энерготармакта абал туруктуу экенин, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

Кыргызстан электр энергиясынын жетишсиздигинен жыл сайын күз-кыш мезгилинде Орусия менен Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алат.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG