Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Футбол: Кыргызстан Малайзия менен беттешет


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында 16-ноябрда Малайзия курама командасы менен беттешет. Оюн Куала-Лумпур шаарындагы «Букит Жалил» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт. Бул оюндарга даярдануу үчүн башкы машыктыруучу Штефан Таркович 23 футболчуну курама командага чакырган.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азия континентинен сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама команда 9 тайпага бөлүнүп ойнойт. Оюндардын жыйынтыгында тайпада биринчи жана экинчи орунда ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан 21-ноябрда Омандын курама командасы менен тайпадагы экинчи беттешин өткөрөт. Оюн Бишкекте болот. (GT)

XS
SM
MD
LG