Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:40

Матвиенко Садыр Жапаровго орус тилин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди


Садыр Жапаров жана Валентина Матвиенко.
Садыр Жапаров жана Валентина Матвиенко.

Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго өлкөдө орус тилин колдоого алып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте Садыр Жапаров менен жолугушууда айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Валентина Матвиенкону 16-ноябрда кабыл алды. Анда кыргыз-орус мамилеси, парламенттер аралык кызматташуу талкууланды.

Матвиенко ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен да жолугушту.

Быйыл 17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

19-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай мыйзамдын кабыл алынышын сынга алган.

24-июлда Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Лавровдун билдирүүсүнө жооп берген. Ал жаңы мыйзам орус тилин “дискриминация кылбай турганын” айткан.

Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG