Кыргызстанда 1xBet букмекердик кеңсесинин ишине тыюу салынды

Ала-Тоо аянты.

Кыргызстанда 1xBet букмекердик кеңсесинин лицензиясы чакыртып алынып, ишмердигине тыюу салынды. Бул тууралуу 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров айтты.

Парламент депутаты Мирлан Самыйкожо 1xBet букмекердик кеңсеси Кыргызстанда мамлекеттик иш-чараларда канча жолу демөөрчүлүк кылып, канча каражат бергенине кызыкты. Бирок жооп ала алган жок.

Дагы бир депутат Эрулан Көкүлов кумар оюндарын көрсөткөн бул букмекердик кеңсени улуттук көкбөрү оюнунда жарнама кылганы үчүн сынга алды.

Бул талкуу Жогорку Кеңеште “Кыргызстанда оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоор каралып жатканда болду. Жыйынтыгында депутаттар документти биринчи окууда колдоп беришти.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, орусиялык 1xBet букмекердик кеңсеси 2007-жылы негизделген жана 70ке жакын тилде иш алып барат. Анда спорттун ар кандай түрлөрүнө акча коюлат. (BTo)

Дагы караңыз

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Назылбеков мэр Жетигеновдун сынына жооп бердиМуфтий Замир Ракиев никаб Кыргызстанда парз эмес, ар кимдин укугу экенин айттыНарын: Сабалган кыз ооруканага түштү, шектүү киши камакка алынган жокКемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 22-ноябрга жылдырылдыБаткенде көмүрдүн тоннасы 7,5 миң сомдон өйдө сатылып жататНоокаттын акиминин кызматтык автоунаасы кырсыкка кабылдыСадыр Жапаров өлкөдө Жогорку Кеңештин ролу маанилүү экенин айтты