Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Назылбеков мэр Жетигеновдун сынына жооп берди


Эсенбек Арзиев жана Салман Назылбеков. 15-ноябрь, 2023-жыл.
Эсенбек Арзиев жана Салман Назылбеков. 15-ноябрь, 2023-жыл.

15-ноябрда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун шаардык кеңештин депутаттарына айткан сынына жооп берди.

Салман Назылбеков ушул күнгө чейин депутаттар мэрия менен чогуу-чаран иштешүүгө аракет кылып келатканын айтты.

“Мэр Бакытбек Жетигенов “депутаттардын таарынычы” бар дептир. Мен бул убакка чейин мэр менен жолугуп, эл өкүлдөрү чет өлкөлөргө кызматтык сапарларга чыгышы керектигин айткам. Негизи бир долбоордун артынан бара жатканда Ош шаарына алынып келе жаткан техникалар болобу, башка нерсе болсо деле, эл өкүлдөрү кошо барып таанышып келгени жакшы. Анткени жалпы депутаттарга маалымат берет. Мэр “чай бербегенге нааразы болуп жатышат” дептир. Эч кимдин ачка калган жери жок. Мындан сырткары депутаттар айткан сынга чычалабашы керектигин айтканмын. Бирок ал сындагандарды колундагы ресурстары менен кысымга аларын ачык айтты”, - деди Салман Назылбеков.

Ош шаардык кеңеши 14-ноябрдагы сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үч депутат каршы болгон. Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө кылышкан.

Бакытбек Жетигенов бул чечим боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, “бул депутаттардын жеке таарынычы жана кызыкчылыгы” экенин айткан.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов шаарга башчы болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген берене боюнча кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG