Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Садыр Жапаров өлкөдө Жогорку Кеңештин ролу маанилүү экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш - калктын түрдүү катмарынын ар кандай көз караштарын билдире турган аянтча экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы 15-ноябрда пардаментте Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына байланыштуу кайрылуусунда айтты.

“Өлкөбүздүн булуң-бурчундагы шайлоочуларыбыздын үнүн бийлик бутактарына жеткирип көпүрө кызматын да аткарып келатат. Карапайым элдин көйгөйү парламенттик платформа аркылуу коомчулук алдында чечилет. Парламенттин курамындагы ар кыл кесиптин өкүлдөрү мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, журналисттер, курулушчулар, экономисттер, юристтер эл алдындагы чоң жоопкерчиликти эске алуу менен өлкөбүздүн, эл-журттун кызыкчылыгы үчүн үзүрлүү иштеп келатканын айтып кетсек болот. Кыргызстандын күрдөөлдүү турмушунда мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары Жогорку Кеңештин орду чоң”.

Ушул эле күнү парламентте беш министр ант берди. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши 1938-жылы 18-июлда түзүлгөн.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир топ азайтылган.

VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Парламентке “нотариалдык орган болуп калды, мыйзам долбоорлорун талкуулабай топ-тобу менен кабыл алууда” деген сын дооматтар байма-бай айтылып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG