Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:11

Нарын: Сабалган кыз ооруканага түштү, шектүү киши камакка алынган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында соода борборунда чоочун адамдын ур-токмогуна кабылган кыз ооруканага түштү, аны сабаган киши милицияга жеткирилди, бирок медициналык диагнозуна байланыштуу кармалган жок. Бул тууралуу бүгүн 15-ноябрда “Азаттыкка” Нарын шаардык милициясынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Нарын районунун Орто-Нура айылынын 31 жаштагы тургуну экени аныкталды, ал милицияга көрсөтмө берип, банкоматка кезек талаша кетип, оозеки уруштан кийин кызды “уруп-сабап жибергенин” айтып берди. Бирок майыптыкты күбөлөндүрүүчү Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясынын (МСЭК) 2012-жылы чыгарып берген “Талма абалындагы жеңил деменция” деген диагнозу бар экендиги тууралуу тастыктамасын көрсөткөн.

Милиция мындай диагноз менен кишини камакка алууга укугу жок экенин, тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде козголуп, териштирүү журүп жатканын маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 14-ноябрда “Чолук-Ата” соода борборунда болгон. Ички иштер бөлүмүнө 20 жаштагы кыз кайрылып, банкоматтан акча алайын деп турганда бейтааныш бир киши менен кезек талаша кеткенин, анын зомбулугуна кабылганын айткан жана тийиштүү чара көрүүнү суранган.

Окуянын милиция тараткан видеосунан кызга бети-башына бир нече жолу катуу сокку урулганын көрүүгө болот. (RK)

XS
SM
MD
LG