Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиевдин кызматтык автоунаасы жол кырсыгына кабылды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна райондун башчысы ырастады. Ал окуя учурунда кызматтык машинада өзү болбогонун айтып, айдоочусу жумуштан кийин автоунааны айдап кеткенин, териштирүү иштери башталганын билдирди.
Жол кырсыгы 15-ноябрга караган түнү таңкы саат төрт чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон. Социалдык тармактын колдонуучусу Ноорузбек Абакиров окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялады.
Кызматтык машина жумуш убактысы аяктаган учурда да колдонулуп жатканы иликтениши керек деген пикирлер жазылууда.
Ушул жылдын февраль айында мамлекеттин эсебинен бардык район, шаар башчыларына Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылган. (DSh)