Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Муфтий Замир Ракиев никаб Кыргызстанда парз эмес, ар кимдин укугу экенин айтты


Замир Ракиев.
Замир Ракиев.

Паранжы, никаб ислам динин туткан кыргызстандык кыз-келиндер үчүн парз эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев “Азаттыктын” 15-ноябрда суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Муфтийдин айтымында, аял кишиге хижаб парз, ал жоолукту жүзү жана алаканы көрүнгөндөй кылып салынып жүрө алат, ал эми никаб парз эмес:

“Биз башынан хижабды колдоп келе жатабыз. А бардык жүзүн жаап алганды никаб дейт. Никаб ар кимдин укугу, бирок парз эмес, эч кимдин укугун чектей албайбыз деген бүтүмгө Аалымдар кеңешинде келгенбиз".

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын паранжыга жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Анда жарандардын дин тутуу эркиндиги чектелбей турганы, конституциялык ченемдер жана эл аралык стандарттар сакталары, эрежени бузгандыгы үчүн 2 миң сом айып пул салуу же 30 саатка коомдук иштерге тартуу сунушталып жатканы белгиленди.

5-сентябрда Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасына көп аялдуулукту жактагандарды жазалоо, коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген. (KS)

XS
SM
MD
LG