Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда 13-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга чакырган деген шек менен Фейсбуктун колдонуучусу кармалганын маалымдады.
Атайын кызмат иш Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” беренеси менен козголгонун, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Фейсбукта Адис Жумгалов деген аккаунттун колдонуучусу – 1980-жылы туулган адам (М.А.Р.) кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, ал баракчасына массалык башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турганы аныкталган.
Шектүү жашаган жерден төрт уюлдук телефон, бир компьютер, эки ок атуучу курал жана ок-дары табылган.
Кармалган адамдын жакындары, адвокаттары азырынча комментарий бере элек.
Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Абактагы Жээнбеков саясий куугунтук күчөгөнүн айтты УКМК "Айчүрөк" соода борборунун ээси Габбазовго эл аралык издөө жарыяладыТергөө абагындагы Мадумаровдун абалы начар экенин адвокаты айтты Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрүп жататЖамалбек Асылбек уулу самбо боюнча дүйнө чемпиону болдуПрезидент Жапаров "ынтымакка доо кетиргендер катуу жазаланат" деп билдирди