Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрүп жатат


Боом капчыгайы. Архивдик сүрөт.
Боом капчыгайы. Архивдик сүрөт.

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө кооптуу таштарды кулатып, тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 13-17-ноябрь күндөрү убактылуу чектөө киргизилет.

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү жол саат 09:00 - 15:00 аралыгында бир тарапка ачык болот. Кыймылга Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөйт.

“Кыргыз темир жолу” Боом аркылуу каттаган айдоочуларга кайрылып, мындай чектөөлөрдөн улам сапарды алдын ала пландап алууну сунуштады.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу жана аларды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жылына бир нече жолу унаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат. Акыркы жолу мындай чектөө быйыл 6-10-ноябрь күндөрү киргизилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG