13-ноябрда Бишкек шаардык соту 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодогу каражат маселесине байланыштуу оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карады. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.
Анын сөзүнө караганда, жактоочулар тергөөдөгү далилдерди мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарууну сураган. Шаардык сот аны четке какты.
Буга чейин Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров бул иш боюнча сентябрь айында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкы башкармалыгында сурак берген. Ал партия шайлоодо акча чогултпай турганын айтып, айыпты четке каккан.
Бул иш кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго байланыштуу саясатчыга ага чейин козголгон ишке кошулган. Адвокат Майрамбек Жумабеков саясатчынын ден соолугу тууралуу да комментарий берди:
“Адахан Мадумаровду бүгүн сотко алып келишти. Абалы начар. Кан басымы 90го чейин түшүп кетип атат дейт”.
Мадумаров ден соолугу начарлаганына байланыштуу 26-октябрда Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылып, 2-ноябрда кайра абакка которулган.
Аны милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармаган. УКМК Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.
Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кезде Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.
Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (BTo)