Спортчу Жамалбек Асылбек уулу Арменияда өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал утуп, чемпион болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Асылбек уулу 88 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалда казакстандык спортчу Койчубаев Эламанды жеңди. Финалга чейин Асылбек уулу төрт беттеш өткөрүп, гондурастык, түркмөнстандык, беларустук, армениялык атаандаштарын уткан.
Асылбек уулунан сырткары Белек Бараканов (64 кг) күмүш, Болот Токтогонов (98 кг) менен Саяк Бараканов (64 кг) коло медалдарды утушту. Командалык эсепте Кыргызстан бир алтын, бир күмүш жана эки коло байге менен 23 мамлекеттин ичинен алтынчы орунду ээледи.
Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Армениянын Ереван шаарында өтүп, ага 23 өлкөдөн спортчулар катышты. (GT)