Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Президент Жапаров "ынтымакка доо кетиргендер катуу жазаланат" деп билдирди


Улуттук форум.
Улуттук форум.

Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” жалпы улуттук форумуна кайрылуу жолдоду. Кайрылууну иш-чаранын катышуучуларына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди.

Анда Жапаров өлкө элинин ынтымагына басым жасап, ар бир жаран улутунан, дининен, төрөлгөн же жашаган аймагынан жана социалдык абалынан көз карандысыз бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экенин белгилеген.

"Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер же кимдир бирөө өзүнүн даражасына, ээлеген кызматына карабай элибиздин ынтымагына доо кетирсе, ар улуттун ортосундагы достукту бузса, мамлекетибиздин алдында мыйзам чегинде катуу жоопко тартылат! Мен эч кимге Кыргызстандын элинин ынтымагына доо кетирүүгө жол бербейм. Мамлекетибиздин улуттук биримдигине жана бүтүндүгүнө доо кетирген ар кандай билдирүүлөргө бүгүн укук коргоо органдары канчалык катуу жана дароо реакция кылып жатканына бардыгыңар күбөсүңөр", - деп жазылган.

Мамлекет башчы ошондой эле өлкөнү, элдин жашоосун тездик менен көтөрүү багытында иштер жүрүп жатканын белгилеп, буга коррупция менен күрөш, кирешелердин эселеп көбөйүшү менен олуттуу экономикалык өсүштөрдү мисал келтирген. Орус тили - расмий тил макамында кала берерин айткан.

“Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” улуттук форуму быйыл декабрда өтө турган II Элдик Курултайды утурлай уюштурулган.

Биринчи Элдик курултай былтыр ноябрда өткөн.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам быйыл 24-июлда кабыл алынган. Алгач президент Садыр Жапаров демилгелеген мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн кийин депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн.

Жумушчу топтун башчысы, депутат Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин кыскарганын, делегаттардын 1070 деген саны 700гө чейин азайганын жана делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылганын маалымдаган.

Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көптөгөн жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG