Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

УКМК "Айчүрөк" соода борборунун ээси Габбазовго эл аралык издөө жарыялады


Анвар Габбазов. УКМК тараткан сүрөт.
Анвар Габбазов. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси Анвар Габбазовго (атайын кызматтын маалыматына караганда, ал фамилиясын Маметов деп өзгөрткөн) эл аралык издөө жарыяланганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен шек саналып, сыртынан айып тагылды. Атайын кызмат Анвар Габбазов маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгенин кабарлады.

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борбору. УКМК тараткан сүрөт.
Бишкектеги "Айчүрөк" соода борбору. УКМК тараткан сүрөт.

Тергөөдө ал жардамчысы Рамонов аркылуу Камчы Көлбаевге “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке бергени, ал Анвар Габбазовдун акчасына сатып алынганы аныкталган. 2020-жылдын октябрь айында ал машинаны мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен.

УКМК Анвар Габбазов жана Камчы Көлбаев ымалалаш тараптар менен биргеликте Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында баасы 15 млн доллар болгон мурдагы “ЗИЛ” пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, жакын адамдарына каттатып алышканы тууралуу маалымат түшкөнүн кошумчалады.

Андан тышкары экөөнүн ортосундагы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары такталган. Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда УКМК аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG