Президент Жапаров Каныбек Иманалиевди кызматтан алды

Каныбек Иманалиев жана Садыр Жапаров.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 7-сентябрда билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келаткан.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда мектеп окуучуларына китептер жетишпей жатканы сынга кабылды. Ата-энелер билим берүү мекемелеринде жок китептерди базарлардан сатып алып жатканын айтышууда.

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын кабарлаган.

Каныбек Иманалиев быйыл март айында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. 54 жаштагы Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Адистиги боюнча журналист, экинчи адистиги – саясат таануучу. Ал мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болгон. (BTo)

Дагы караңыз "Мектепте жок экен, базардан таптык". Китеп издеген ата-энелер

Дагы караңыз

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматтан кетти“Эмаком” компаниясына арыздангандардын маселеси ЖКда көтөрүлдү8-сентябрдын аба ырайыСтамбулдагы атышууда өзбек жараны каза болдуЫсык-Көлдөн 14 тоннага жакын таштанды чыгарылдыМадумаровдун иши: “Бүтүн Кыргызстан” спикерге комиссия түзүү сунушун бердиТикТоктун өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке келди