Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

“Эмаком” компаниясына арыздангандардын маселеси ЖКда көтөрүлдү


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Эмаком” курулуш компаниясына акчасын төлөп, бирок батирлерин ала албай жаткан үлүшчүлөрдүн маселеси 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Парламенттин депутаты Дастан Бекешев Бишкектин Чыгыш-5 районунда курулат делген үй салынбай калганын, акчасын ишканага берип койгон адамдар үйүн да, акчасын да ала албай жатканын айтты.

"Эмаком” компаниясы биздин бир кесиптешибизге тиешелүү болуп атат. Бирок ага карабай убаданы, келишимди да аткарыш керек. Компания элден качпай каражатын кайтарып же үйдү аягына чейин куруп бериши зарыл. Бул ишти УКМК иликтесе туура болот", - деди Бекешев.

“Эмаком” курулуш компаниясын Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген. Ал буга чейин ишкананы башкаларга өткөрүп бергенин, алданган үлүшчүлөргө тиешеси жок экенин билдирген.

“Акчасын төктүк, үйдөн дайын жок”. Депутаттын компаниясына нааразы үлүшчүлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:04 0:00

14-июлда Бишкекте “Эмакомдон” эки жылдан бери батир ала албай жаткан бир нече киши маалымат жыйын өткөргөн. Алар ишканадан жабыркаган миңден ашык адам бар экенин айтып чыгышкан.

Юстиция министрлигинин сайтында курулуш компаниясынын азыркы ээси Мелис Жусупов экени жазылып турат. Ал Эмилбек Жусуповдун агасы.

Соңку жылдары Кыргызстанда үлүштүн негизинде чогулган акчага там салып, батир саткан курулуш компанияларынын саны 150дөн ашканы кабарланган. Алардын айрымдары үлүшчү менен түзгөн келишимин так аткарып, батирин убада кылынган мөөнөттө бүтүрүп берсе, кээ бирлери курулушту жүргүзбөй, үлүшчүлөрдүн акчасын да кайтарып бербей, соттошкон учурлар бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG