Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Стамбулдагы атышууда өзбек жараны каза болду


Стамбул шаары. Иллюстрация.
Стамбул шаары. Иллюстрация.

Стамбулда 2-сентябрда кылмыштуу топтордун ортосундагы атышуусунда бир өзбек жараны каза болгону аныкталды. Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу 7-сентябрда билдиргендей, набыт болгон 46 жаштагы мигрант Самарканд шаарынан иштегени келген. Сөөгү мекенине учакта жеткирилди.

Жергиликтүү полиция ок атышкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Каза тапкан өзбекстандыктын ал топторго тиешеси бар же жогу маалым эмес.

XS
SM
MD
LG