Кыргызстандын мектептеринде окуу китептери жетишсиз болууда. Мындан улам айрым ата-энелер балдарына китептерди өздөрү сатып берүүгө аргасыз. Билим берүү министрлиги окуу стандарттары өзгөргөнүнө жана окуучулардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу китептер жетишпей жатканын айтууда.
Китеп издеген ата-энелер
Бишкек шаарынын тургуну Айпери Төлөмүшова эки кызын жетелеп, жер алдындагы өтмөктөрдөгү дүкөндөрдөн мектепте жетишпеген китептерди издеп келген. Кыздарына кийим-кече, окуу куралдарын эми алып бүткөндө, бул да өзүнчө кошумча түйшүк болуп жатканын кеп салды.
"3-класстагы кызыма эки китеп жетишпейт экен. Орус тили анан музыка сабагынан. 1-класстагы кызымдыкын али толуктай элекпиз. Жылда эле китеп алабыз. Балаң болгондон кийин айла жок сатып берет экенсиң да. Жаңы китептер 300-350 сом экен. Ал эми эски китептер 150 сомдон экен".
Мектептерде жаңы окуу жылы башталар менен эле кеңсе буюмдарын саткан дүкөндөрдө китеп издеген ата-энелер көбөйдү. Айрымдары кошуналардан эски китептерди алса, кээ бирлери интернет дүкөндөрдөн, ал тургай базардан да издөөгө киришти. Шаар тургуну Эрнист дагы дүкөндөрдү кыдырып, эки уулуна китеп алууга келген.
"Азыр орус тилинде математика китебин алдым 4-класска. Эки китеп 700 сом болду. Бул китептер мектепте жок экен. Болсо дагы эски, айрык болуп калышы мүмкүн. Жетишсиз болгондон кийин өзүбүздүн каражатка алганга туура келди. Бул көйгөй бардык мектепте эле бар болуш керек. Мамлекеттик мекеме болгондон кийин мамлекет камсыздаш керек да. Бирок мүмкүнчүлүк болуп жатса өзүбүз деле балдар үчүн алып берип койгонубуз баланын билимине жакшы да, жаңы китеп окушат. Бирок бул кичине болсо да ата-энелерге кыйынчылык түздү", - дейт ал.
Китеп жетишпестиги бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн баардык аймактарындагы мектептерде орчундуу көйгөй болууда. Нарын районундагы мектептердин бириндеги башталгыч класстын мугалими Мээрим Алиева дагы окуучуларга китеп жетишпей жатканын айтты:
"Мен өзүм 4-классты окутам, балдарга китеп жетпейт. Кыргыз тили, адабий окуу, математика, мекен тануу сабактарынан китеп жетишсиз. Китептерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берип, анан башкаларына таратабыз да. Калганын ата-энелери сатып берип жатат. Бирок былтыр жетиштүү болчу. Быйыл окуучулардын саны көбөйгөндөн окшойт, эки класста биригип 54 окуучу бар. Китептер эскирип, айрылып калгандары да бар. Эми ата энелер алып бергендери алып берип жатат, алып бере албагандар бири биринен сураштырып алып окуп жатышат".
"Стандарт өзгөрдү, окуучулар да көбөйдү"
Мектептердеги китеп көйгөйү быйыл эле келип чыккан жок. Буга чейинки жылдары да ата-энелер балдарына китепке акча чогултулуп келгенин айтып, нааразы болгон жагдайлар бар. Окуу китептеринин жетишсиздигинин негизги себебин Билим берүү министрлиги окуу стандартынын өзгөргөнүнө жана окуучулардын саны көбөйгөнүнө байланыштырууда.
"Азыр мектепте колдонулуп жаткан китептердин көпчүлүгү эскилиги жетип калды - кагазы да, мазмуну да. Мазмуну дегеним, 2022-2023-жылдары предметтик стандарттар бекитилген. Ошол стандарттарга көп китептер дал келбейт. Алардын ордун жаңы стандарттарга дал келген окуу китептери ээлеши керек. Ал китептер бүгүнкү күндө четинен даярдалып жатат. Жаңы авторлорду таап, киргизип, оңдотуп, түздөтүп жаздырган көп убакытты талап кылган машакаттуу иш. Азыр окуучулардын саны да көбөйүп, китептер эскирип жатат. Бала дагы китепти ар кандай колдонот экен. Кээ бири жакшы колдонсо, кээ бири тытып, чийет. Мунун баары китептердин абалына таасир этип жатат", - деди Билим берүү министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана китеп басып чыгаруу саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Самат Тоялиев.
Тоялиевдин айтымына караганда, 2023-жылы билим берүү уюмдарына китеп басып чыгаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 152 млн сом бөлүнүп, 136 миңден ашык нускадагы китептер басылып чыккан.
2022-жылдагы маалымат боюнча өлкөдөгү мектептердин 67% гана китептер менен камсыздалган.
Ал эми 2023-жылы мектептердин канчасы китеп менен камсыз болгону учурда эсептелип жатканын Билим берүү министрлигинен айтышты.
Базардагы китептер
Социалдык тармактагы ата-энелер китептер мектепте жок болгону менен, дүкөндөрдө жана базарларда сатылып жатканын, бул кайсы бир топтун бизнесиби деген суроолорду да узаткан болчу.
Бул боюнча Билим берүү министрлигинин өкүлү Самат Тоялиев мындайча жооп берди:
"Кыргызстанда автордук укуктар тууралуу мыйзам бар. Ошол мыйзамга ылайык окуу китептерине эки укук берилет. Бирөөсү - автордук мулктүк эмес укук, башкача айтканда, китеп кандай формада чыкса да, автордун аты-жөнү калышы керек. Экинчиси - автордук мулктүк укук. Юридикалык жактан мүлктүк укук кайсы мекеме же адамга таандык болсо, ошонун уруксаты менен гана көбөйтүлүп, таратылышы мүмкүн. Базарда сатылып жаткан китептер кайсылар экенин такташыбыз керек. Эгерде ал китептердин мүлктүк укугу министрликке таандык болсо, базарда сатылышы мыйзамсыз. Укук коргоо органдары буга юридикалык баа бериши керек".
Мугалим каалаган китебин окуучуларга таңуулай алабы?
Ушул жылдын август айында кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы боюнча билим берүү уюмдарындагы мугалимдер окуу усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандоого укук берилген. Мындан улам мектеп мугалими өзү каалаган китепти окуучуларга таңуулашы мүмкүн. Албетте, бул ата-эненин капчыгына оор келет.
Деген менен жогоруда аталган мыйзамдын авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев бул пикирге кошулбайт:
"Бул жерде атайын Билим берүү министрлигиндеги билим берүү стандарттарына туура келген китептердин тизмеси жарыяланат. Мисалы, 7-класстын физика китебинен 15 вариант болушу мүмкүн. Ошонун ичинен тандап алат, өзү каалаганды тандабайт. Экспертизадан өткөн, стандарттан туура келген китепти тандайт. Китеп жазып чыгаруу укугун көбүрөөк авторлорго бериш керек. Себеби китепти жакшыраак иштеген мугалимдер өздөрү жаза алат. А бизде Билим берүү академиясында отургандар жаза беришкен. Биз ошон үчүн мугалимдерге эркиндик берели дедик. Китепти толук жеткирип бериш - өкмөттүн милдети. Мугалимдерге мүмкүнчүлүк бербесек, китеп чыгаруу бир топтун монополиясы болуп калган. Ошондон акча кылышат".
"Министрлик уюштуруу иштерин күчөтүшү зарыл"
Мектептеги китеп таңкыстыгы социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Анда кээ бирлери балдарынын айрык китептерин сүрөтүн чыгарса, дагы бири мамлекет камсыздашы керек болчу деген пикирин айтууда.
Билим берүү маселелери боюнча эксперт Бакытбек Абдуллаев китеп көйгөйүн жоюу үчүн министрликтин уюштуруу иштерин күчтөндүрүү керек деген пикирде:
"Чындыгында уюштуруудагы кемчиликтен улам эле ушул жагдай жаралып жатат. Себеби алдын ала пландап, кийинки жылы, мисалы, 1-класска канча окуучу барат, 7-класска канча барат, ошого жараша азыртан санын, баасын, бюджетин чыгарып, кийинки жылы август айына чейин эле мектептерге таратылып калышы керек. Экинчи жагынан, мисалы, китеп басууну "Учкун" басмаканасына берип коюшту эле, алар эмнеге убагында чыгара албады? Эмнеге базарда сатылып жатат - мектепте жетиштүү болбогон үчүн сатылып жатат да. Анткени аларга туура эмес статистика берилген. 2-3 жыл мурункуну карап эле 100 миң окуучу болсо 60 миң эле чыгарып койгон. Дагы бир маселе - китептер 5 жылга колдонууга берилгени менен, сапатсыз китептер чыккан үчүн 1,2 жылга жетпей эле колдонуудан чыгып калууда".
2022-жылы президент Садыр Жапаров билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ал жарлыктын негизинде мамлекеттик "Учкун" басмаканасы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоочу ишкана болуп аныкталган. Бирок "Учкундун" окуу китептерин убагында басып чыгарууга дарамети жетпесин айткандар да бар.
Деген менен "Учкун" ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Турсунбек Бейшенбеков ишканага күнүгө 10 миң нуска китеп чыгарып жатканын айтып, жакында китеп таңкыстыгы жоюлат деп ишендирүүдө.
"Учкунга" жаңы жабдуулар келип, толук модернизация иштери аяктап, учурда Билим берүү министрлиги менен тыгыз иштешип, жаңы китептерди басып чыгарып жатабыз. Мамлекет бул тармакты колго алгандан кийин китеп кризиси жакынкы күндөрү жоюлат. Экинчиден, базарда сатылып жаткан китептерден кыйла арзан болот. Азыр Билим берүү министрлиги автордук укугу өздөрүнө таандык болгон китептерди бизге берип жатат. Буйруса жакынкы күндөрү министрлик аркылуу таратып беребиз. Министрлик жалпы 1 миллион тираж китепти басып чыгарууну планга койгон. Биз убагында чыгарып жетишип жатабыз. Мурда 500дөн миң даанага чейин чыккан болсо, азыр жаңы жабдуулар келгенден кийин күнүгө 10 миңден ашык чыгарып жатабыз".
Ал эми социалдык тармактардагы айрым пикирлерге билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жооп берип, былтыркыга салыштырмалуу быйыл көп окуу китептери 4 эсе көп чыгып жатканын, өкмөт 10 эсе көп каражат бөлгөнүн айтып, ал эми көйгөйдү толук чечүү үчүн 5 миллиард сом керек деп билдирүүдө.