Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Мадумаровдун иши: “Бүтүн Кыргызстан” спикерге комиссия түзүү сунушун берди


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышы жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү өтүнүчү менен парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге кат жолдоду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова билдирди.

Ал депутаттык комиссия түзүү тууралуу демилгени Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында көтөргөн. Бирок парламенттин регламенти боюнча фракциянын чечими керек деген жүйө менен маселе отурумдун күн тартибине киргизилген жок.

"Буга чейин дайыма эле алгач күн тартибине киргизүү сунушталып, андан кийин гана маселе чечилип келген. Комиссия түзүлөбү же жокпу, талапкер чыгарабы, жокпу мунун баары парламентте чечилет да. Алгач кагаз жүзүндө берилиш керек деген тартип башка комиссияларда болгон эмес. Бул жерде тандалма болуп жатат", - деген депутат Кожогулова.

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында депутат Кожогулова бул иш боюнча күч органдарынын жетекчилерин чакырып, маалымат алууну сунуштаган эле.

Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атады. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG