Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматтан кетти


Талант Иманов санариптик өнүктүрүү министри кызматынан кетип, Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке директор болуп дайындалды.

Президент Жапаровдун жарлыгы менен Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду.

Талантбек Иманов Санарип өнүктүрүү министри кызматына быйыл январда дайындалган. Коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын санарип министрлигинин башына келгени талаш-талкуу жараткан.

Министрлик кызматына чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун журналисттер иликтеп чыгышкан.

Былтыр май жана июнь айларында "Азаттык" радиосу "Министрдин артындагы Ширшовдун карааны" жана "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөөлөрдү жарыялаган. Анда "Иманов-Ширшов" тандеми бир катар документтер менен далилденген жана алар “Евразиялык сактык банкын” башкарууга катышканы белгилүү болгон. Иманов кийинчерек комментарий берип, дооматтарды четке каккан.

Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG