Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда өтө турган саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду да чакырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүндөгү ишенимдүү булактар билдирди.
Маалыматка караганда, “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы саммит Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында өтөт.
18-августта Forbes журналы Жо Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон ушундай эле мазмундагы катынын текстин жарыялаган. Катта АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу 19-сентябрга же 20-сентябрга белгиленгени айтылат.
Буга чейин мындай форматтагы жыйындар АКШнын мамлекеттик катчысынын катышуусунда Борбор Азия мамлекеттеринде өткөн. (BTo)
Дагы караңыз
Активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши прокуратурага өттү Орус армиясы Украинанын бир катар аймактарына ракетадан сокку урдуКыргызстанда насыя алгандар 17% көбөйдүКиров суу сактагычында 14,5 миллион куб метр суу калдыСпикер кыргыз тили жөнүндө долбоордун өкүлдөрү менен жолуктуЫсык-Көлдө самбо боюнча Дүйнө кубогу башталдыТөлөн уулу Бектемир "кастыкты козутуу" иши боюнча бүгүн да суракка чакырылганын айтты Маңзат иши боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды