Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Спикер кыргыз тили жөнүндө долбоордун өкүлдөрү менен жолукту


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев социалдык тармактар аркылуу кыргыз тилин жайылтууга багытталган “Тилимпоз” долбоорунун негиздөөчүлөрү Тилек Нурдинов, Нуржигит Асанов жана Муслим Таалайбек уулу менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Спикер мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаштардын сунуш-пикирлерин угуп, 200 миң сомдук сертификат тапшырды. Шакиев жакында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамды ишке ашырууда ушундай долбоорлор керек экенин айтты.

“Тилимпоз” долбоору социалдык тармактарда кыргыз тилин өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилди туура колдонууга багытталган иш-чараларды уюштуруп келет.

17-июлда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдары, бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишмердүүлүгүн кыргыз тилинде жүргүзүүгө милдеттүү болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG