Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:29

Кыргызстанда насыя алгандар 17% көбөйдү


Эл алган насыянын суммасын көрсөткөн сүрөт.
Эл алган насыянын суммасын көрсөткөн сүрөт.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 350 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан насыя алды. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17% көп. Муну менен 24 млрд. сомго жакын каражат же 35,5% көп насыя берилди.

Насыя алгандардын көбү Ош (21% жакын) жана Жалал-Абад облустарына (17% ашык), андан кийин Бишкек шаарына (16% жакын) туура келет.

Насыянын 46% турмуштук керектөөгө, 25% көбү айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12% жакыны соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5% ашыгы курулушка алынган.

Өлкөдө жакырчылык менен үй-бүлөлүк кирешенин азайышы жарандарды насыя алууга түрткөн факторлордун бири катары аталып келет. Жакырчылыктын деңгээли 2021-жылы кескин көтөрүлгөн.

Расмий статистика боюнча, 2020-жылы 25,3% болгон жакырчылык 2021-жылы 33,3% чыккан. Калктын өтө жакыр бөлүгү 0,9 пайыздан 6% чейин жетти. Жакырчылык боюнча 2022-жыл менен быйылкы жарым жылдыктын маалыматтары жарыялана элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG