Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

Орус армиясы Украинанын бир катар аймактарына ракетадан сокку урду


Орус армиясынын соккусунан жабыркаган чиркөөнүн алдын тазалап жаткан жергиликтүү тургундар. Одесса, 23-июль, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Орус армиясынын соккусунан жабыркаган чиркөөнүн алдын тазалап жаткан жергиликтүү тургундар. Одесса, 23-июль, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын армиясы 22-августка караган түнү Украинанын бир катар аймактарына ракеталык сокку урганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Днепропетров облусунун Кривой Рог шаарын аткылоодон бир адам жаракат алып, 20дан ашуун турак жай жабыркаганын аймактын губернатору Сергей Лысак Телеграмга жазды.

Өлкө түштүгүндөгү Запорожье калаасына жасалган соккудан төрт көп кабаттуу үйгө зыян келтирилгенин 22-августтун таңында шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев кабарлады.

Андан тышкары чыгыштагы Харьков облусунун Купянск жана Волчанск шаарлары аткылоого кабылганын аймактын губернатору Олег Синегубов маалымдады.

«Төрт турак жай талкаланды. Бир аял жеңил жараат алды», - деп жазды Синегубов Телеграмга.

Ал эми Украинанын чыгышында жана түштүгүндө айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Соңку бир суткада 30дан ашуун кагылышуу катталган.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 22-августта билдиргендей, армия Мелитополь аймагында контрчабуулун улантууда.

Буга чейин коргоо министринин орун басары Анна Маляр Запорожье облусунда украин армиясынын контрчабуулунд жылыштар бар экенин айткан.

XS
SM
MD
LG