Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Маңзат иши боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен үч милиция кызматкери кармалганын билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Орусиянын жараны милиция кызматкерлери жана дагы бир адам 20-апрелде Бишкекте кафелердин биринде ага “гашиш” делген баңгизатын сала коюп, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алганын айтып арыз жазган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Чүй облустук милициясынын үч кызматкери кармалган. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ ички иштер органдарында мыйзамды бузгандарды, милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды аныктоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте синтетикалык баңгизат соодасына шек саналып беш милиция кызматкери кармалганын билдирген. Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү”, “Опузалап пара талап кылуу” жана “Кылмыш чөйрөсүн түзүү” беренелери менен иш козголгон.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери синтетикалык маңзатты сатып алган адамдарды аныктап, аларды кармаган учурду телефонго тартып алып камайбыз деп акча өндүрүп жүрүшкөн.

Бул окуядан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев, анын орун басары Кылычбек Жолдошов, Бишкек шаардык жана Чүй облустук милициясынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчылары Мухтарбек Токтогулов менен Азамат Имангазиев кызматынан алынды. Дагы 12 жетекчиге ар кандай тартип жаза чарасы колдонулду. (BTo)

XS
SM
MD
LG