Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Киров суу сактагычында 14,5 миллион куб метр суу калды


Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт.
Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Таластагы Киров суу сактагычында 22-августка карата 14,5 млн. куб метр суу калганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,1 млн. куб метрге аз экенин билдирди.

Ушул тапта суунун келиши секундасына 0,7 куб метр экенин жана суу көбөйбөгөнүн кошумчалады. 2022-жылы суунун келиши секундасына 13,7 метр кубду түзгөн.

Маалымат боюнча, Киров суу сактагычынан 21-апрелден тарта суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн. куб метр жана суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген. Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарган.

Кыргызстан август айынын башында Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүүнү убактылуу токтоткон. Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги муну Кыргызстандын Талас дарыясындагы жана андагы Киров суу сактагычындагы суунун аз болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 500дөй жүк ташуучу автоунаа Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турат. Айрым экономисттер муну суу маселеси менен байланыштырууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG