Ысык-Көл: мындан ары бардык жарандар пляждарга эркин кире алат

Ысык-Көл, илююстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 8-августта “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизди.

Анын басма сөз кызматы жаңы жарлык көлдөгү кум жээктерге бардык жарандардын ээн-эркин киришин камсыздоо үчүн чыгарылганын билдирди.

"Өзгөртүүлөр бардык жарандардын Ысык-Көлдөгү пляждык аймактарга эркин киришин шарттайт. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет", - деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын май айында Садыр Жапаров 1-июлдан тартып негизинен Ысык-Көлдүн тургундарынын пляждарга ээн-эркин кирип чыгышы каралган жарлык чыгарган. Анда көл жээгиндеги тосмолордун баарын алуу каралган.

Жарлыктын негизинде менчик түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биоажатканалар менен жабдууга милдеттендирилген.

Быйылкы жайкы сезондо айрым пансионаттар Кыргызстандын башка аймактарынан келген эс алуучуларды пляждарга киргизбей, анын айынан чуу чыккан учурлар катталып жаткан.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдү, жака-белин булгагандарга айып пулду көбөйтүү каралуудаЛатвия Беларус менен чек арасын катуу тартипте кайтарууга өтөтКыргызстандагы "Яндекс" кызматы Орусияга маалымат берилбесин айтты Австриялык экс-министр Карин Кнайсль Рязанда жашап жатат Кыргызстанда тоютту сыртка сатууга убактылуу чектөө киргизилет Покровскиде Орусиянын соккусунан мүрт кеткендердин саны тогузга жетти Сенатор Менендес Бишкекке санкциялык чектөөнү бузбоону эскертти БШК: Ленин округундагы кайра шайлоого 26 адам арыз бердиСобянин Москва тарапка учурулган эки дрон жок кылынганын билдирди