Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Ысык-Көлдү, жака-белин булгагандарга айып пулду көбөйтүү каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдү жана анын жака-белин булгагандарга салынган айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүм башчысы Таалай Далбаев билдирди. Ал айып пулдун көлөмү көп жылдан бери өзгөрө электигин, жогорулатууга муктаждыгын айтты.

Мунун алдында аталган министрлик Ысык-Көлгө май төгүлгөн окуяга байланыштуу бир моторлуу кайыктын ээсине 10 миң сом айып пул салынганын билдирген жана анда айып пулдун өлчөмүнүн аздыгы тууралуу сын айтылган.

Апта башында социалдык тармактарга көлдүн үстүнө май калкып калганын тартылган сүрөттөр жарыяланган. Көлдө коопсуздуктан дагы улам скутерлерге тыюу салуу сунушу маал-маалы менен көтөрүлүп келет.

Өткөн айда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, “таблетка” теплоходго урунган. Андан үч адам денесинен жаракат алып, эки киши 24-июлда мерт болгон.

Ысык-Көлдө сууга түшүп жаткан эс алуучулар скутердин айынан кырсыктаган окуялар буга чейин да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG